28-июнда түрк коргоо министри Хулуси Акар баштаган делегация Кыргызстанга келди. Бул расмий иш сапар тууралуу Түркиянын жана Кыргызстандын Коргоо министрликтери кабарлашты.
28-29-июнга белгиленген бул сапардын алкагында Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен эки тараптуу жолугушуу өтөрү кабарланды. Анда эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги жөнүндө маселелер талкууланат.
Ошондой эле Акар “Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барат.
Буга чейин Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турганы кабарланган. Бул маселе президент Садыр Жапаровдун 9-июндагы Анкара сапарынын алкагында макулдашылганын тышкы иштер Руслан Казакбаев билдирген. Бирок анда Анкара аскердик тармакта кандай жардам көрсөтө турганы так айтылган эмес.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин көпчүлүк кыргыз бийлигин Түркиядан аскердик жардам алууга үндөп келген. (ElB)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров расмий сапар менен Тажикстанга бардыФранция: Макрон менен Ле Пендин партиялары утулдуӨмүрбек Текебаев "Кумтөр иши" боюнча сурак берип чыктыМосквада нөшөрлөгөн жаандан улам метролорду суу каптады Коронавирустун "дельта" штаммынан улам дүйнөдө чектөөлөр кирди