Москвада "такыр баштар" менен кагылышкан тажик мигранты жоопко тартылууда

Орусия. Москва. "Белые волки" орус улутчул-такырбаштарынын жаштар уюмунун мүчөлөрү сот залында. 25-февраль, 2010-жыл.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги Москвада орус улутчул такырбаштарынын колунан токмок жеген 21 жаштагы Амир Шах Хусейновдун ишин иликтөөгө байкоо салып турганын “Озоди” кабарлады.

Анын туугандары менен тажик бийлиги Хусейнов бул иште жабырлануучу деп эсептешет. Бирок Орусиянын укук коргоо органдары аны “бейбаштыкка” айыптап, камашкан.

Москвадагы тажик элчиси бул боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигине каршылык нотасын жибере турганын билдирди.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, 23-июнда Москванын Толбухина көчөсү менен “Орусия - орустар үчүн”, “Москва - москвалыктарга” деген ураандар менен орус улутчул такырбаштар тобу мыйзамсыз жүрүш жасаган. Анын натыйжасында бул жоон топ улутчулдар дагестанданык жана тажикстандык жарандарга туш келип, мушташып кетишкен.

Окуя болгон жерге полиция келип, мушташтын катышуучуларын кармап, алардын арасынан Амир Шах Хусейнов гана камакка алынган.

Бул окуя боюнча учурда соттук териштирүү башталып, улутчул такырбаштардан токмок жеген тажик мигранты эми сот жообуна тартылып жатканы белгилүү болду.

Окуяга катышкан эки тарапты тең полиция учурунда кармаганы менен кийин урушту баштаган орус улутчулары бошонуп кеткен. Темир тор артында тажик мигранты Амир Шах Хусейнов гана калган.

Дагы караңыз

Жаныбеков: агрардык реформа эми башталдыӨмүрбек Текебаев "Кумтөр иши" боюнча сурак берип чыктыМосквада нөшөрлөгөн жаандан улам метролорду суу каптады Алтай менен Хакасияда милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүлөт