Чехия 2014-жылы Врбетицедеги ок-дары сактаган аскердик кампада болгон жардыруу үчүн Орусиядан кенемте төлөп берүүнү талап кылганы тууралуу маалымат Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.
Чехиянын тышкы иштер министринин орун басары Мартин Смолек Орусиянын элчиси Александру Змеевскийге дипломатиялык нота тапшырды. Анда Врбетицедеги жардыруу үчүн Орусиянын эл аралык жоопкерчилиги тууралуу айтылып, келтирилген зыян үчүн толук кенемте төлөө талабы коюлду.
Чехиянын Idnes.cz басылмасынын маалыматы боюнча чех бийлиги келтирилген зыяндын өлчөмүн 650 млн. крон же 25,5 млн. АКШ долларына барабар деп баалаган.
Мартин Смолек ошондой эле Чехияны Орусия “дос эмес” мамлекеттердин тизмесине киргизиши дагы эл аралык укукка жатпастыгын айтты.
Буга чейин Чехиянын Финансы министрлиги Чехия Орусиядан 1 млрд. чех кронун же 47 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кенемте талап кыларын эсептеп чыккан.
Бул кенемте жардыруудан кийинки ок-дары сактаган кампаны тазалоого кеткен мамлекеттик бюджеттен каралган чыгымдар экени көрсөтүлгөн.
Чехия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык чатактын чыгышына Прага 2014-жылы аскердик кампадагы жардырууга элчиликте иштеген орус тыңчыларынын тиешеси бар деген билдирүүсү себеп болгон. Мындан соң чех өкмөтү 19-апрелде 18 орусиялык дипломатты өз аймагынан чыгарган. Буга жооп кайтарып, Москва Чехиянын 20 дипломатын “персона нон-грата” деп жарыялап, алардан Орусиядан чыгып кетүүнү талап кылган. Кремлдин бул талабы чехтердин Москвадагы элчилигинин ишин үзгүлтүккө учуратканы үчүн Прага жаңы талаптарды койгон.
2014-жылы 16-декабрда Чехиянын Врбетице кыштагында 50 тонна ок-дары жарылып, эки адам каза болгон.
Дагы караңыз
Москвада нөшөрлөгөн жаандан улам метролорду суу каптады Алтай менен Хакасияда милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүлөт29-июндун аба ырайыЖК комитети жалган маалыматтан коргоо жөнүндө документти колдоду