29-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 31…36;
Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын табы түнкүсүн 17…19°, күндүз 34…36° жылуу болот.
Дагы караңыз
АКШ Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылган казактарды колдодуНАТО жана анын өнөктөштөрү Кара Деңизде машыгууларды өткөрөтКыргызстанга SpaceX ишканасынын өкүлдөрү келдиЧек ара жаңжалында жабыркагандарга жөлөк пул берилетКыргыз-түркмөн президенттери соода байланышты жакшыртууну талкууладыАлтай менен Хакасияда милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүлөт