ӨКМ министри жардамга келген унду сатып, буудай алууну сунуштады

Буудай. (Иллюстрациялык сүрөт)

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 24-июнда Министрлер кабинетинин жыйынында азык-түүлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн Казакстандан гуманитардык жардам катары келген 10 миң тонна унду сатып, буудай алууну сунуштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов министрдин сунушу боюнча атайын механизм иштеп чыгууну тапшырды.

2021-жылы өкмөт дыйкандардан 150 тонна дан азыктарын сатып алууну пландаган. Бирок сугат суусунун тартыштыгынан улам, пландалган түшүм чогулбай калат деген коркунуч жаралууда. (TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстанга SpaceX ишканасынын өкүлдөрү келдиЧек ара жаңжалында жабыркагандарга жөлөк пул берилетЗулушев: кодекстерди иштеп чыгууга 33 миллион евро кеткен Башкы прокурор интернатта өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөнү көзөмөлгө алды