АКШ Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылган казактарды колдоду

Казакстан. Алматыдагы Кытай консулдугунун алдындагы каршылык акциясы. 18-май, 2021-жыл.

Кошмо Штаттары Алматыда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну өтүнүп, Кытай консулдугунун астына бир канча убактан бери чыккан жарандардын укугун колдойт.

Бул тууралуу АКШнын Казакстандагы элчиси Уильям Мозер дүйшөмбүдө маалымат жыйынында билдирди.

“Биз талашсыз болгон тынч жыйындарга чогулуу укугун колдойбуз. Бул жарандар жөн эле тынч чогулуп жатышат. Албетте, биз Казакстан боюнча өз пикирибизди айттык. Мен азыр Казакстанга карата санкциялар киргизилет деп айта албайм”, – деди ал.

Алматыда 140 күндөн бери Кытай консулдугунун алдында бир нече адамдар тобу үзгүлтүксүз саясий акцияларды өткөзүп келишет. Алар Шинжаңда Кытай бийлигинен запкы жеп, күнөөсүз жерден түрмөгө түшүп же дайынсыз болуп жаткан туугандарын бошотууну жана Казакстанга кайтарууну талап кылышууда.

Ушул убакка чейин консулдуктан бул акциянын катышуучуларына эч ким чыгып, жооп бере элек.

Быйыл апрель айында Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо "Шинжаңда кармалган казактар Кытай жарандары экенин жана алар мыйзамды бузганы үчүн камалганын" айткан.

Буга чейин Алматынын полициясы Кытай консулдугунун алдына чогулгандарды бир нече ирет кармап, куугунтуктап, административдик камоого алган учурлар болуп келген.

Дагы караңыз

Чек ара жаңжалында жабыркагандарга жөлөк пул берилетКыргызстанга SpaceX ишканасынын өкүлдөрү келдиКыргыз-түркмөн президенттери соода байланышты жакшыртууну талкууладыАлтай менен Хакасияда милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүлөтЗулушев: кодекстерди иштеп чыгууга 33 миллион евро кеткен НАТО жана анын өнөктөштөрү Кара Деңизде машыгууларды өткөрөтБашкы прокурор интернатта өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөнү көзөмөлгө алдыТурдубеков ок-дары чыгаруучу заводдун директорлугуна кайрадан дайындалды Ашхабадда кыргыз-түркмөн президенттери жолугуштуТалибдер менен кармашта ооган аскерлери Тажикстанга чегиндиКорумду-Балбай автожолу 128 миллион долларга оңдолот"Бишкек менен Ашхабад өз ара кызматташууга муктаж эмес"Паралимпиадага экинчи жолдомо уткан АрстанбекБритания элчиси: Кумтөр боюнча суроолор пайда болдуКымбатчылык кендир кесе баштадыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиКыргызстанда бир суткада коронавирус аныкталгандар миңден ашты“Кызыл зонада” кырдаал оорӨзбекстан: кол балага айланган Coca-Cola