Министрлер кабинети 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгондордун жакындарына жана жаракат алгандарга ай сайын жөлөк пул берүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жаңжалда курман болгондордун 18 жашка чейинки балдарына жана жалгыз баласы каза болгон ата энелерге ай сайын 3700 сомдон жөлөк пул берилет. Ошондой эле чек арадагы жаңжалдан алган жаракатынан улам майыптуулук берилиши мүмкүн болгон жарандарга да ай сайын жөлөк пул берүү каралган.
Министрлер кабинети даярдаган мыйзам долбоорунда мындай жөлөк пулду 75 киши алары көрсөтүлгөн жана жыл сайын бюджеттен 3 миллион 330 миң сом каралып турары жазылган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган.
Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алды. (MiK)
Дагы караңыз
Кыргыз-түркмөн президенттери соода байланышты жакшыртууну талкууладыАлтай менен Хакасияда милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүлөтЗулушев: кодекстерди иштеп чыгууга 33 миллион евро кеткен НАТО жана анын өнөктөштөрү Кара Деңизде машыгууларды өткөрөтБашкы прокурор интернатта өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөнү көзөмөлгө алдыЭркин күрөш: кыргызстандык балбандар Түркияда беш медал алдыАКШ Иран колдогон кошуундарга абадан сокку урду