Кыргыз-түркмөн президенттери соода байланышты жакшыртууну талкуулады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов.

Бүгүн, 28-июнда Ашхабад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын башчысы Гурбангулы Бердымухамедов эки тараптуу кызматташтыктын алкагында соода-экономикалык, отун-энергетикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркмөнстан стратегиялык өнөктөш жана боордош өлкөлөр экенин белгиледи.

“Кыргыз-түркмөн кызматташтыгында саясий карама-каршылыктар жок. Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү документтерди камтыган эки тараптуу келишимдик-укуктук база ырааттуу өсүүдө", - деди Жапаров.

Ал соода-экономикалык кызматташууну мындан ары активдештирүү керек экенин айтты. Эки өлкө соода, энергетика, транспорт жана агроөнөр жай комплекси жаатында олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров Ашхабадга 27-июнда барып, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө, кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышкан.

Анын Түркмөнстандагы расмий иш сапары бүгүн, 28-июнда аяктайт. Андан ары Жапаров 28-29-июнда Тажикстанга расмий сапар менен барат. Тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтык жана чек ара маселесин сүйлөшөт. (MiK)

Дагы караңыз

НАТО жана анын өнөктөштөрү Кара Деңизде машыгууларды өткөрөтБашкы прокурор интернатта өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөнү көзөмөлгө алдыЭркин күрөш: кыргызстандык балбандар Түркияда беш медал алдыАКШ Иран колдогон кошуундарга абадан сокку урду Ашхабадда кыргыз-түркмөн президенттери жолугуштуТурдубеков ок-дары чыгаруучу заводдун директорлугуна кайрадан дайындалды