УКМК Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн билдирди

Алиярбек Абжалиев

“Мыйзамсыз баюуга” шектелип, чет өлкөдө жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева билдирди.

“Тергөө иштери жүрүп жатат. Анын негизинде Абжалиев 20 миллион сом төлөдү. Бирок ал акчаны кайсы жерден которгону тууралуу маалыматты айта албайбыз", - деди Кыдыралиева.

"Кактус медиа" сайты Абжалиев 27-июнда Кыргызстанга кайтып келери менен чекисттердин колуна түшүп, тергөөгө барганын жазган.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевге карата быйыл мартта Жазык кодексинин 308-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

УКМК Абжалиевди "кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн" деп шек санаган.

Абжалиев өзүнө карата сотко чейинки териштирүү ишин “куру доомат” деп баалаган. (MiK)

Дагы караңыз

Британия элчиси: Кумтөр боюнча суроолор пайда болдуАшхабадда кыргыз-түркмөн президенттери жолугуштуКыргызстанда бир суткада коронавирус аныкталгандар миңден аштыАКШдагы кыргыз мушкери Баратов жеңишке жеттиТажикстанда Кытайдын ТВЕА компаниясынын жумушчулары иш таштады“Кумтөр Голд” алтынды сатуудан түшкөн каражат боюнча түшүндүрмө бердиТенгиз Бөлтүрүк: алтынды мөңгүнү талкалабай казууну пландап жатабызЭркин күрөш: кыргызстандык балбандар Түркияда беш медал алды