Ашхабадда кыргыз-түркмөн президенттери жолугушту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Ашхабад 28.06.2021

Бүгүн, 28-июнда Ашхабад шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жолугушту.

Эки президент эл аралык, регионалдык кызматташтыкты талкуулашат.

Түркмөнстандын президентинин расмий сайтында кыргыз-түркмөн алакасын жакшыртуу максатында эки тараптуу документтерге кол коюлары жазылды.

Садыр Жапаров Ашхабадга кечээ 27-июнда барып, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө, кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышкан.

Ал Кыргызстан инвесторлорго шарт түзүүгө көңүл бурарын айтып, Түркмөнстандын мунай-химиялык, газ өнөр жайында жана энергетика тармагында иш алып барган ишканаларын кыргыз рыногуна тартууга кызыкдар экенин белгилеген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 17-июнда Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барарын айтып, бул өлкөдөн газ жана электр энергиясын алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. (MiK)

Дагы караңыз

Кыргызстанда бир суткада коронавирус аныкталгандар миңден аштыАКШдагы кыргыз мушкери Баратов жеңишке жеттиТажикстанда Кытайдын ТВЕА компаниясынын жумушчулары иш таштады“Кумтөр Голд” алтынды сатуудан түшкөн каражат боюнча түшүндүрмө бердиТенгиз Бөлтүрүк: алтынды мөңгүнү талкалабай казууну пландап жатабызЭркин күрөш: кыргызстандык балбандар Түркияда беш медал алдыОоганстандык 17 жоокер Тажикстанга качып өттү