Тенгиз Бөлтүрүк: алтынды мөңгүнү талкалабай казууну пландап жатабыз

"Кумтөр Голддун" убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. 2021-жыл, 15-июнь.

“Кумтөр Голд” ишканасы кенди иштетүү стратегиясын өзгөртүп, алтынды жер алдындагы ыкма менен казып алууну пландап жатат. Бул келечекте жасала турган техникалык жана экономикалык негиздеменин (ТЭН) алкагында жасалат. Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк айтты.

“Биз сөз бергендей муздуктарды талкалабай жер алдынан казуу ыкмасына өтүүгө шарт түзүп атабыз. Ушул күздөн баштап инженердик компанияларды, консультанттарды чакырып долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылабыз”.

Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөр кениндеги экологиялык маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундулары да аткарыларын айтып, убада берди.

“Кумтөр Голд” кенге кошумча геологиялык чалгындоо жана геотехникалык көзөө жумуштары талап кылынарын, Кумтөрдө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө коммерциялык сунуштарды кабыл алуу да жарыяланганын кабарлады.

Кумтөрдө алтын казуу ачык жүргүзүлөт. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 миллион куб метр музду жок кылганын билдирген.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизилген. Мындай сунушту парламентке Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы узартылат.

Мамлекеттик комиссия канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек экенин билдирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

7-майда болсо Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт. (BTo)