Тажикстандын Айни районундагы Кумарги Боло алтын кенин иштетип жаткан кытайлык ТВЕА компаниясынын 200гө жакын тажикстандык жумушчусу ишканадагы тамак-аштын сапатына нааразылык билдирип иш таштады.
Маалыматка караганда, 25-июнда жергиликтүү жумушчуларга мурдагыдай эле күрүч жана арпа акшагы берилген. Алар мындай тамакты ичүүдөн баш тартып, нааразылык катары жерге төгүп салышкан.
ТВЕА компаниясы 2018-жылы Айни районундагы "Жогорку Кумарг" жана "Чыгыш Дуоба" алтын кендерин иштетүүгө лицензия алган. Мындай укук компанияга “Душанбе-2” жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) курулушуна короткон каражатын кайтарып алуу үчүн берилген. “Душанбе-2” долбоорунун жалпы баасы 340 миллион долларды түзгөн. Анын 331 миллион долларын Кытайдын Эксимбанкы жеңилдетилген насыя катары берсе, 17,4 миллионун Тажикстандын “Барки Точик” энергохолдинги бөлгөн.
Тажикстанда буга чейин да жергиликтүү жумушчулар укуктары бузулуп жатканын билдирип, кытайлык компанияларга нааразылыктарын айтып келишкен. Быйыл апрелде жумушчулардын укуктарын бузганы үчүн акцияларына China Nonferrous Gold Limited (CNG) кытай компаниясы ээлик кылган “Покруд” биргелешкен ишканасына 1500 сомони (133 доллар) айып пул салынган.
Дагы караңыз
Ооганстандык 17 жоокер Тажикстанга качып өттүТүркия Кара Деңиз менен Мрамор деңизине канал курууга киришти“Кызыл зонада” кырдаал оорОшто жол кырсыгынан эки адам каза болду, төрт жашар кыз табылбай жатат