Ооганстанда ишмердик жүргүзүп жаткан гуманитардык уюмдардын маалымдашынча, 26-июнда Кундуз шаарынан беш миң үй-бүлө качып чыкты. Алар өкмөт күчтөрү менен талибдердин ортосундагы аёосуз салгылашуудан улам үй-жайын таштап качууга аргасыз болушту. Талибдер Кундуз шаарынын айланасындагы райондорду да басып алышты.
"Азаттыктын" Кабулдагы кабарчысы Алим Кохкандын айтымында, АКШнын аскерлери Ооганстандан чыгып кете баштаганда "Талибан" жоочуларынын чабуулдары күчөдү.
АКШ аскерлерин чыгарып кетүү жараяны 1-майда башталган, 11-сентябрда аягына чыгары айтылган.
Талибдер соңку апталарда Ооганстандан Тажикстандын аймагына өтө турган жолду да көзөмөлгө алган.
Дагы караңыз
Москва: полиция милдеттүү эмдөөгө каршы чыккандарды күч менен таратты"Манас" аэропортунун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуев үй камагына чыктыСадыр Жапаровдун Ашхабадга сапары башталдыАба ырайы: көпчүлүк аймакта өткүн өтөтКыргызстанда 8,5 миң киши баңгизатка көз карандыОрусияга барган мигранттар “лоялдуулук келишимине” кол коюуга милдеттүү болотCOVID-19: Бишкекте ооруканалар толуп калды