Москвада полиция милдеттүү эмдөөгө каршы чыккандарды күч менен таратты. Сегиз адам кармалды. Алардын арасында Москва шаардык Думасынын депутаты Николай Зубрилин да бар.
Нааразы тараптын чогулушу Москванын Новопушкинский аянтында болуп жаткан. Анда Мамдуманын депутаты Валерий Рашкин эл менен жолугушуп, ага жүздөгөн адам келгени кабарланды.
25-июнда Орусиянын сегиз аймагында бир катар тармактын кызматкерлерин милдеттүү түрдө эмдөө чечими кабыл алынган. Милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүү тартиби дүйшөмбүдөн тарта жалпысынан 18 аймакка киргизилди.
Орусияда соңку суткаларда 20 миңден ашуун киши коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч катары каралууда. (MiK)
Дагы караңыз
"Манас" аэропортунун мурдагы жетекчиси Эмир Чукуев үй камагына чыктыСадыр Жапаровдун Ашхабадга сапары башталдыАба ырайы: көпчүлүк аймакта өткүн өтөтКыргызстанда 8,5 миң киши баңгизатка көз карандыОрусияга барган мигранттар “лоялдуулук келишимине” кол коюуга милдеттүү болотCOVID-19: Бишкекте ооруканалар толуп калдыПрезидент Жапаров Түркмөнстанга расмий иш сапар менен жөнөп кетти