Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Кумтөр иши” боюнча камакта жаткан Асылбек Жээнбеков элге кайрылды. Саясатчынын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган билдирүүдө ал күнөөсүз экени айтылат.
“Мага байланыштуу болуп жаткан бул иштерди саясий күрөш деп эсептейм. Мыйзамсыздык үстөмдүк кылууда. Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин. “Кумтөр” иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомду төрага катары мен кол койгон парламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп көргөн адам өзү баарын түшүнүп алат”, - деп жазган Асылбек Жээнбеков.
Жээнбеков Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда кармалган. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны эки айга камакта калтырган.
22-июнда Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранып, билдирүү таратышкан. (MiK)
Дагы караңыз
Ооганстандагы кырдаалдан улам Өзбекстанда аскердик машыгуу башталдыРябков АКШ элчиси менен мамилени жакшыртуу үчүн жолугатМарипов коронавируска каршы эмдөөдөн өттүАба ырайы: күн чайыттай ачык болотКолумбиянын президенти отурган тик учак куралдуу кол салууга кабылдыМилиция Чүйдө уурдалган кыз боюнча козголгон кылмыш ишин кыскарттыБабановдун адвокаты ЭлТРдин үстүнөн даттандыЗамир Ракиев муфтий болуп шайланды