Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан кыргыз-кытай чек ара тозотуна электр энергиясын жеткирүү иштери аяктап калды. Көмөк чордон жана мамычалар орнотулду.
Учурда жумушчулар жогорку чыңалуудагы зымдарды тартуу иштерин аткарып жатат. Жарыкты жеткирүүнү Энергетика жана өнөр жай министрлиги ишке ашырган.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, аталган тозотто 30 жылдан бери жарык туруктуу берилген эмес. Дизелдик электр энергиясы чектелген көлөмдө гана жандырылчу.
Нарын облусунун аймагында кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан жети тозот жана төрт пост бар. Алар Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө орун алган. (MiK)
Дагы караңыз
Замир Ракиев муфтий болуп шайландыCOVID-19: Ташкент чектөөлөрдү киргизетCOVID-19: жети бейтап каза болду, 892 кишиден жаңы аныкталдыОрусияда кош бойлуу аялдар да эмделетАйрым мамлекеттик кызматкерлер "Спутник V" вакцинасын алатСадыр Жапаров УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойдуМинистр Жапаров: Эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлерге айлык бербеш керек