Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий болуп шайланды.
Бишкекте бүгүн 26-июнда өтүп жаткан өлкө мусулмандарынын жетинчи курултайына катышкан 220 делегат бир добуштан анын талапкерлигин колдоду.
Ал эми борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп Бактыбек Нурдинов шайланды.
Ушул эле күнү Аалымдар кеңешинин курамы да жаңыланды. Анын төрагалыгына Көчкөнбай Сайдуллаевди тандашты.
Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 14, муфтийликке тогуз талапкер катталган. Ал эми Аалымдар кеңешине мүчө болууга 61 киши арыз берген.
Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө, муфтийликке жана анын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак 17-февралда жарыяланган.
Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.
11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. (MiK/MTa)
Дагы караңыз
Орусияда кош бойлуу аялдар да эмделетАйрым мамлекеттик кызматкерлер "Спутник V" вакцинасын алатСадыр Жапаров УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойдуМинистр Жапаров: Эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлерге айлык бербеш керекОрусия: АШК Илья Яшинди талапкер катары каттоодон баш тарттыБишкек-Батуми авиакаттамы 17-июлда башталат