Садыр Жапаров УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойду

Садыр Жапаров

25-июнда президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Антикоррупциялык кызматын жоюу жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Эми бул кызматтын милдети кайсы мамлекеттик органга жүктөлөрү айтыла элек.

Жапаров УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат жоюларын шейшембиде ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолукканда айткан. Ал муну бизнести колдоо үчүн жасалган иш деп белгилеген.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетердин алдында, 14-октябрда УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойгон. Бирок былтыр октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун бул жарлыгын жокко чыгарган. (MiK)

Дагы караңыз

Бишкек-Батуми авиакаттамы 17-июлда башталатМинистр Жапаров: Эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлерге айлык бербеш керекАКШнын Флорида штатында көп кабаттуу үй урап калдыАйрым мамлекеттик кызматкерлер "Спутник V" вакцинасын алатЧехияда торнадо үч адамдын өмүрүн алды, 150дөн ашууну жабыр тарттыКылмышты жашырууга аракет кылган милиция кызматкери кармалды