Бишкек-Батуми-Бишкек багытындагы алгачкы чартердик авиакаттам 17-июлда башталат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Грузиянын экономика жана туруктуу өнүгүү министри Натия Турнава Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы каттам тууралуу 18-июнда билдирген. Ал ноябрга чейин жумасына бир жолу ишке ашырылат.
Батуми - Грузиянын туристтик аймагы. Каттам негизинен туристтик саякатка багытталган.
Кыргызстандын борборунан Орусияга, Казакстанга, Түркияга, Өзбекстанга, Кувейтке, Бириккен Араб Эмираттарына такай каттамдар бар. Кытай менен Индияга каттамдар коронавирустан улам аткарылбай турат. Айрым мамлекеттерге мезгил-мезгили менен чартердик рейстер уюштурулат. Августтан баштап Беларуска түз каттам ачуу пландалууда.
Дагы караңыз
АКШнын Флорида штатында көп кабаттуу үй урап калдыАйрым мамлекеттик кызматкерлер "Спутник V" вакцинасын алатМинистр Жапаров: Эмдөөдөн өтпөгөн мамлекеттик кызматкерлерге айлык бербеш керекЧехияда торнадо үч адамдын өмүрүн алды, 150дөн ашууну жабыр тарттыCOVID-19: Кыргызстан Жапониядан вакцина сурадыОрусияда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өстү