АКШнын Флорида штатындагы Серфсайд шаарчасында 12 кабат турак-үй урап калды. Учурда куткаруучулар урандылар алдынан тирүү адамдарды издеп, куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Шаар бийлиги урандынын алдында аман калгандар болушу мүмкүн экенин айтышууда. Майамиге жакын, океандын жээгиндеги бул үй жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 1.30дарда ураган. Азырынча үч адамдын каза болгону кабарланды. 35тей адам куткарылды. 100гө жакын тургун дайынсыз болууда.
Кырсык болгон жерге келген штаттын губернатору Рон Десантис куткаруу бригадалары адамдардын өмүрүн сактоо үчүн тынбай иштерин билдирди.
1980-жылдары курулган көп кабаттуу үй эмнеден улам урап калганы расмий айтыла элек.
АКШ президенти Жо Байден кырсыктын кесепетин жоюу үчүн штаттын бийлиги жардам сураса, федералдык бийлик көмөк көрсөтүүнү убада кылды.
Дагы караңыз
Чехияда торнадо үч адамдын өмүрүн алды, 150дөн ашууну жабыр тарттыАйрым мамлекеттик кызматкерлер "Спутник V" вакцинасын алатКылмышты жашырууга аракет кылган милиция кызматкери кармалдыCOVID-19: Кыргызстан Жапониядан вакцина сурадыОрусияда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өстүЕвробиримдик Путин менен саммит өткөрүү демилгесин колдогон жок