Чехияда торнадо үч адамдын өмүрүн алды, 150дөн ашууну жабыр тартты

Катуу куюндун кесепети.

Чехиянын түштүк-чыгышында торнадонун кесепетинен кеминде жети калктуу конуш жабыркады. Үч адам каза болду. 150дөн ашыгы жаракат алганы кабарланууда.

Катуу куюн ондогон имараттарды, автоунааларды жараксыз абалга алып келди. Шамалдын ылдамдыгы саатына 330 чакырымга чейин жеткен. Грушки аттуу айылдагы бардык имараттар талкаланып, дубалдары гана калды. Андан башка да айылдарда үй-жайлар кыйрады. Он миңдеген адам электр жарыгы жок калган.

Кырсык болгон жерде учурда өрт өчүргүчтөр, куткаруучулар иштеп жатат. Коңшу Австрия менен Словакия да куткаруучуларды жөнөттү. Табигый кырсыктын кесепетин жоюуга аскерлер да тартылышы мүмкүн.

Дагы караңыз

Кылмышты жашырууга аракет кылган милиция кызматкери кармалдыШайлоо: жаңы мыйзам, эски система COVID-19: Кыргызстан Жапониядан вакцина сурадыОрусияда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өстүКоронавирус жуккан Бейшеналиев министрликке келип иштеп жататЕвробиримдик Путин менен саммит өткөрүү демилгесин колдогон жок