Кыргызстанда кылмыштуулук кескин өстү

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда 2021-жылдын төрт айында 17,5 миң кылмыш катталды. Бул бир жыл муруңку төрт айлык эсептен 31% көп. Бул аралыкта кылмыш жасаган сегиз миңдей киши аныкталды, бул былтыркыдан дээрлик 23% жогору.

Айрыкча, оор кылмыштар көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматына таянып билдирди.

Баңгизат аткезчилигине байланыштуу кылмыштар 29% өстү. Адам өлтүрүү 21%, адам уурдоо жана зордуктоо 17%, саламаттыкка олуттуу зыян келтирүү 11%, уурулук 30%, тоноочулук 10%, көз боёмочулук 1,7 эсе көбөйгөн.

Кызмат абалынан кыянат пайдалангандар 21%, паракорлук 14%, ишенип берилген мүлктү уурдоо, ысырап кылуу 2,3 эсе жогорулады.

Кылмыштардын көбү Ысык-Көл, Нарын облустарына жана Ош шаарына туура келет.

Дагы караңыз

Абитуриенттерди окууга кабыл алуу быйыл да онлайн режимде жүрөтОрхан Инандынын тарапкерлери дагы акцияга чыгыштыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиОмбудсмен кыргыз айдоочусунун Тажикстанда кармалып турганын "барымта" деп сыпаттадыТалас: Чоң-Капка айылынын тургундары акцияга чыгышты