Мыйзамсыз сатылып жаткан 262 миң бөтөлкө жасалма ичимдик табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 262 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдикти таап, тартып алды. Алардын болжолдуу баасы 51 миллион сом деп бааланган.

Бул факты ишкердик субъекттерге ылайык териштирилип, бюджетке 1,2 миллион сом өндүрүлгөн.

Кыргызстанда соңку жылда алкоголдук продукция өндүрүү эки эсеге кыскарган. Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 2 миллион 959 миң декалитр алкоголдук ичимдик өндүрүштөн чыккан. Бул көрсөткүч 2019-жылы 5 миллион 106 миң декалитр болгон.

Кыргызстандын алкоголдук өндүрүшүндөгү ири компаниялардын бири «Аю» ишканасы былтыр жыл этегинде жумушун убактылуу токтоткону кабарланган.

Ага чейин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы заводдун кампаларында салык жашыруу аныкталганын маалымдаган. (MiK)

Дагы караңыз

Шайлоо: Ош милициясы мыйзам бузуу боюнча кайрылууга далил таба алган жок Элчилик: Тажикстанда ондой жүк ташуучу автоунаа туратЖээнбековдун адвокаты өзүнө кылмыш иши козголгонун билдирдиЕвро-2020: Тайпалык оюндар жыйынтыкталдыАлматы: Шинжаңдагы саясатка каршы чыккан активистти бошотууну талап кылыштыКайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болдуСултанбеков Акылбек Жапаровдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды