Өзбекстанда коронавирустун "дельта" штаммы аныкталды

Ташкенттеги эмдөө. 1-апрель 2021-жыл

Өзбекстанда коронавирустун Индиядан тараган "дельта" түрү аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Алдынкы технологиялар борборунун жетекчи орун басары Алишер Абдуллаевге таянап кабарлашты. Болжол менен бул штамм өлкөгө Орусиядан келген.

Абдуллаевдин айтымында, COVID-19дун учурлары эмдөө солгун жүргөндүгү, элдин социалдык аралык, башка карантиндик чараларды сактабагандыгы үчүн көбөйүүдө.

Кошуна өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавируска 107 миң 708 киши чалдыкканы расмий маалымдалды.

Вирустун "дельта" штаммы тез жугуп, инкубациялык мөөнөтү кыскарак экени аныкталган.

Дагы караңыз

Улукбек Марипов элди вакцина сайдырууга чакырдыСаламаттык сактоо министрине эскертүү берилдиШекер, эт, өсүмдүк майынан кошумча нарк салыгы алынбайтКыргызстанда малды экспорттоого уруксат берилетМинистрлер кабинети бир катар азык-түлүктү экспорттоого тыюу салды