Кыргызстанда малды экспорттоого уруксат берилет

Кара-Балтадагы мал базар.

Бодо малга жана майда жандыкка салынган тыюу 8-июлдан тартып алынат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 24-июнда өкмөттүн кезексиз жыйынында билдирди.

Ошондой эле тоюттун баасы көтөрүлүп бараткандыгына байланыштуу чөп, байытылган тоют, жүгөрү жана арпаны өлкөдөн чыгарууга толук тыюу салынды.

2020-жылдын ноябрь айында малды сыртка сатууга убактылуу чек коюлган. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу, ургаачы мал-жандыктын азайып жатканы менен байланыштырган. Мындай чектөөлөр айрым фермерлерди нааразы кылган. (МТа)

Дагы караңыз

Эгемендикке 30 жыл. Мамлекеттүүлүккө жети коркунуч Өзбек-тажик чек арасында кыргыз жараны кармалып туратБорбор Азияны сестенткен "Талибан" таасириШаардык сот Данияр Нарымбаевди камакта калтырды