Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын имаратында Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлгандай, 23-июнда башталган иш-чаранын максаты - өлкөнү, анын тарыхый жана маданий баалуулуктарын, туризмин таанытуу.
Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, маданиятын, жаратылышын жана салттуу жашоосун, улуттук спорт оюндарын чагылдырган эмгектер жана пейзаждар кошулуп 61 сүрөт коюлду.
Иш-чаранын ачылышына Түркия парламентинин вице-спикери Сурейя Сади Билгич, депутаттар, Кыргызстан-Түркия парламенттик достук тобунун, түрк Тышкы иштер министрлигинин, Анкара мэриясынын, коомдук уюмдардын, бизнес чөйрөнүн, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Көргөзмө 30-июнга чейин болот. (MZh)
Дагы караңыз
Дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 180 миллионго жакындап калдыЕвро-2020: Тайпалык оюндар жыйынтыкталдыАлтыбаева: Депутаттар июлда дагы ишин улантатКулов: Октябрь окуялары боюнча Жээнбеков үн катыш керек