Футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпалык оюндары жыйынтыкталды.
23-июндан 24-июнга караган түнү эң күчтүү деп саналган F тайпасында Германия менен Венгрия, Португалия менен Франция бет келишип, эки оюн тең 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Үч турдун жыйынтыгы менен 1/8 финалга Франция, Германия, Португалия чыкты.
1/8 финал 26-июнда башталат. Анда Дания менен Уэлс, Италия менен Австрия беттешет.
27 июнда Италия - Австрия, Голландия - Чехия, 28-июнда Бельгия - Португалия, Хорватия - Испания, 29-июнда Франция - Швейцария, Англия - Германия, 30 июнда Швеция - Украина менен ойнойт.
Тайпалык оюндардын жыйынтыгы менен Евро-2020нын бомбардирлер тизмесинде португалиялык футболчу Криштиану Роналду көч башын жетектеп бара жатат. Ал үч оюнда беш гол киргизди.
Былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу жылдырылган Европанын футбол боюнча чемпионаты “Евро-2020” деген аталышын сактоо менен 11 -июнда Италиянын борбору Римде башталган. (МТа)
Дагы караңыз
Таңкы Азаттык Орус олигархын ойлондурган КумтөрСот Жээнбеков менен Зулпукаровду камакта калтырдыПарламенттик шайлоо качан өтөт?