Сариев: Депутатты чакыртып алуу чоң тобокелчилик жаратат

Акылбек Сариев

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев Жогорку Кеңештин депутатын чакыртып алуу чоң тобокелчилик экенин билдирди. Сариев бул тууралуу "Азаттык" радиосунун "Эксперттер талдайт" талкуусунда катышып жатып билдирди.

“Мандатты чакыртып алуу институту киргизилди. Бул көйгөй жаратышы мүмкүн. Бир мандаттуу округда депутатты чакыртып алуу жеңилирээк болсо, партиялык тизме менен келген депутатты кантип чакыртып алат? Коррупциялык жол менен партиянын лидерине берилеби?”.

5-майда күчүнө кирген жаңы Баш мыйзамдын 76-беренесинин 3-бөлүгүндө Жогорку Кенештин депутаты конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда чакыртылып алынышы мүмкүн деп жазылган.

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул маселе “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамда камтыларын, азырынча макулдашылган вариант жок экенин билдирди.

Шайлоо тууралуу мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жиберилди. Анда 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча, калган 55 депутатты партиялык тизме менен пропорционалдык системага ылайык шайлоо каралган. (МТа)

Дагы караңыз

Жапаров: Вакцина чыгарам деген ишканаларга жеңилдик берилетБритания кемеси орусиялык күчтөрдүн эскертүү аткылоосуна тушукканын төгүндөдүСадыр Жапаров Антикоррупциялык кызматты жоёт | БҮГҮН АЗАТТЫКТА | 23.06.21Жаратканга буйрук берүүдөн оолак болсок...