“Манас” эл аралык аэропортунда ПЧР тест тапшырган лаборатория күнү-түнү иштеп баштады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
COVID-19га анализди ПЧР тест ыкмасы менен кабыл алуучу AMSBIO лабораториясы “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесинин мүчөлүгүнө кирген.
“Манас” эл аралык аэропорту эгер чет өлкөгө учуучу жүргүнчүлөр аэропорттон ПЧР-тест тапшырам десе, анда учуудан 4-5 саат мурда келүүлөрү зарыл экенин эскертет.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөдөн үч күн ичинде ПЧР тест тапшырган гана адамдар киргизилерин билдирген.
Дүйнөнүн бир топ мамлекеттери ПЧР тест тапшырбаган жарандарды өлкөгө киргизүүгө тыюу салган. (МТа)
Дагы караңыз
ЕБ Венгриянын ЛГБТга каршы мыйзамына тынчсыздануу билдирдиЖапаров: Вакцина чыгарам деген ишканаларга жеңилдик берилетКечки Азаттык (2-чыгарылыш) "Дельта" штаммы тездик менен жайылууда