ЕБ Венгриянын ЛГБТга каршы мыйзамына тынчсыздануу билдирди

Премьер-министр Виктор Орбанга жана ЛГБТ тууралуу мыйзамга каршы акция. Будапешт. 14-июнь, 2021-жыл

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Венгриянын ЛГБТга каршы жаңы мыйзамына байланыштуу чара көрүлөрүн билдирди.

"Андай жобонун кабыл алынышы уят. Тиешелүү комиссарларга мыйзам күчүнө киргиче Будапешт бийлигине кат жазып, биздин тынчсыздануубузду айттым. Мыйзам адамдарды сексуалдык багытына карап дискриминациялайт, Европа биримдигинин фундаменталдуу баалулуктарына каршы келет".

Карама-каршылыктуу мыйзамды Венгриянын парламенти өткөн аптада жактырган. Документке ылайык, мектептерде гомосексуалдуулук, жынысты алмаштыруу темаларын талкуулоого тыюу салынат. 18 жаштан кичүү өспүрүмдөргө кумсалыкты пропагандалоого болбойт. Бул жоболор педофилия үчүн жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга камтылды. Сынчылар муну гомосексуалдуулукту балдарга каршы кылмыштарга теңөө аракети деп баалашат.

Европа биримдигине мүчө мамлекеттер 22-июнда Люксембургдагы жыйында мыйзамды сындап чыгышты. Айрым мүчөлөр Будапештти сотко берүүнү сунуш кылышты.

Акыркы кездерде премьер-министр Виктор Орбан христиандардын салттуу баалуулуктарын Батыштын либералдуу идеяларынан коргойм деп, консервативдүү, айрым учурларда адам укуктарын бузган аракеттерди күчөттү.

Дагы караңыз

Жапаров: Вакцина чыгарам деген ишканаларга жеңилдик берилет"Дельта" штаммы тездик менен жайылууда Талибдер Тажикстанга чектеш бекетти басып алдыАт-Башыда логистикалык борборго каршы болгондор акцияга чыгыштыПрезидент зекиген РайымкуловЖогорку сот Зилалиевдин ишин кайра кароого жөнөттү