Ат-Башыда логистикалык борборго каршы болгондор акцияга чыгышты

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 23-июнда, Ат-Башы районунун айрым тургундары аймакка логистикалык борбор курууга каршы акцияга чыгышты. Күбөлөрдүн айтымында, райондук админстрациянын алдына чогулган 20дай киши борбордун долбоорун элге көргөзүүнү талап кылышты. Алар эгерде логистикалык борбор курулса, эл жайытсыз калышы мүмкүн деп тынчсызданышууда. Алар акцияны 24-июнда да улантарын айтышты.

Президент Садыр Жапаров 18-июнда Нарынга жасаган иш сапарында Ат-Башы районунун тургундары менен жолугуп, бул аймакка соода-логистикалык борбор куруу боюнча долбоорду талкуулаган. Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент бул облустун экономикасынын кыймылдаткычы боло турган маанилүү долбоор экенин айткан.

Ат-Башы районуна соода-логистикалык борбор куруу буга чейин эле пландаштырылган. Курулуштун пайдубалын түптөө иш-чарасы 2019-жылы 11-декабрда болгон. 2020-жылы жергиликтүү эл долбоорго каршы чыгып, митингдерди өткөрүп, өкмөт логистикалык борборду куруудан баш тартууга аргасыз болгон. (SE)

Дагы караңыз

Ат-Башы: бийликтин эки анжы кылган сунушуКыргыз-өзбек чек арасында логистика борбору курулуудаЖапаров инвесторлорду чакырды, журтташтарга жолуктуЖогорку сот Зилалиевдин ишин кайра кароого жөнөттүКыргызстандын айрым аймактарында кедейликтин деңгээли 40% жеттиАшхабад чет өлкөлүктөр үчүн дүйнөдөгү эң кымбат, Бишкек эң арзан шаар болду