Жогорку сот Зилалиевдин ишин кайра кароого жөнөттү

Дүйшөнбек Зилалиев

23-июнда Жогорку сот камактагы мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге "Мыйзамсыз баюу" боюнча коюлган айыпты жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберди.

Жогорку сот Зилалиевдин жазык ишин жокко чыгарууга биринчи инстанциядагы сотто эрежелер бузулганын жүйө келтирген.

2020-жылдын 5-октябрында Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кескен.

Буга Башкы прокуратуранын Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен кылмыш ишин козгогону себеп болгон.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз камалганын айтып келет. (MiK)

Дагы караңыз

Кыргызстандын айрым аймактарында кедейликтин деңгээли 40% жеттиБашкы прокуратура мобилдик тиркеме аркылуу кеңеш берип, арыз кабыл алатАКШны коронавирустун "дельта" штаммы кооптондурууда24-июндун аба ырайыКыргызстанда коронавирус жуккандар төрт штамм менен катталуудаТихановская: Лукашенконун режими коркуп калдыАшхабад чет өлкөлүктөр үчүн дүйнөдөгү эң кымбат, Бишкек эң арзан шаар болду