Кыргызстандын айрым аймактарында кедейликтин деңгээли 40% жетти

Бишкектеги конуштардын бири.

Кыргызстанда кедейликтин көрсөткүчү 25%, айрым алыскы аймактарда 40% чейин жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-июнда Бишкекте ишкерлер менен жолугушканда билдирди.

Жапаров соңку кездери бир катар ишкерлерди ар кандай айыптоолор менен камакка жана суракка алып жаткан күч органдарын сындады. Мамлекет башчы ишкерлерге тоскоолдук жаратпоого чакырды.

Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасынын 85% ишкерлердин колунда экенин белгиледи.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы Кыргызстандын элинин 25,3% кедейликте жашай турганын маалымдаган. 2019-жылы бул көрсөткүч 20% тегерегинде болгон.

Дүйнөлүк банк 2021-жылдын мартында Кыргызстанда калктын кедей катмары 35% жеткенин билдирген. (SE)

Дагы караңыз

Жапаров УКМКга караштуу кызматты жоётКыргызстанда коронавирус жуккандар төрт штамм менен катталуудаАшхабад чет өлкөлүктөр үчүн дүйнөдөгү эң кымбат, Бишкек эң арзан шаар болдуПамирден келгендер жайыт жана үлүш жерге муктажБишкектеги №47 колониянын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулушу мүмкүнКоррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөт