Башкы прокуратура мобилдик тиркеме аркылуу кеңеш берип, арыз кабыл алат

Башкы прокуратуранын имараты.

Өлкөнүн башкы көзөмөл органы “Прокурордун кеңештери” аттуу мобилдик тиркемесин ишке киргизгенин билдирди. Бул программаны колдонгон жарандар прокуратурага түз кайрылып, юридикалык кеңеш алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.

Аталган мобилдик тиркемени Башкы прокуратуранын www.prokuror.kg расмий сайтынан көчүрүп алууга болот.

“Прокурордун кеңештери” мобилдик тиркемени Европа биримдиги каржылаган.

Башкы прокуратураганын маалыматына караганда, 2021-жылдын алгачкы үч айында 38 миңдей арыз түшкөн. Анын 29 161и каралып, 13 803 иш сотко жиберилген. (MiK)

Дагы караңыз

АКШны коронавирустун "дельта" штаммы кооптондурууда24-июндун аба ырайыКыргызстанда коронавирус жуккандар төрт штамм менен катталуудаТихановская: Лукашенконун режими коркуп калдыАшхабад чет өлкөлүктөр үчүн дүйнөдөгү эң кымбат, Бишкек эң арзан шаар болдуӨспүрүм каза болгон интернаттын директору убактылуу иштен четтетилдиБишкектеги №47 колониянын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулушу мүмкүн