Ош шаарында маркум телеоператор Тайыржан Турсуналиевди эскерүү кечеси болду. Ага маркумдун жакындары жана замандаштары катышты. Эскерүү кечесинде Тайыржан Турсуналиев жөнүндөгү китептин бетачары да өттү.
Китептин автору Олжобай Бубатаев буларды айтты:
"Бул китепте өмүр таржымалынан да Тайырдын адамдык сапаты көбүрөөк жазылды. Анын журналистикадагы ишмердиги жана анын эмгектери эскерилди", - Бубатаев.
Тайыржан Турсуналиевдин көзү тирүү болгондо 23-июнда 60 жашка толмок. Ал ондогон журналисттерди жана телеоператорлорду окутуп, тарбиялаган.
"Ынтымак" аймактык телеканалынын алдында медиа мектеп түптөп, журналистер үчүн ар кандай окуу семинарларды өткөргөн. Ал 2014-жылы 13-июнда жүрөгү кармап каза болгон. Көзү өткөндөн кийин анын аты өзү түптөгөн медиа мектепке берилди. Мындан сырткары TMG-телеканалы да Тайыржан Турсуналиевдин атын алып жүрөт. (MrA)
Дагы караңыз
Гонконгдо демократиячыл популярдуу гезит жабылуудаКоррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөтКыргыз-орус өнүктүрүү фонду кайрадан насыя берип баштайтДүйшөнбек Чоткараев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыктыНарын: Уланбек Эгизбаев атындагы стипендияны жалаң кыздар алды Шаардык сот Зулпукаров менен Жээнбековду камакта калтырды