Гонконгдун популярдуу демократиячыл Apple Daily гезити апта аягында жабыларын жарыялады. Шаршембиде директорлор кеңеши “азыркы шарттарды эске алуу менен” онлайн жана кагаз түрүндө басуу 26-июнда токторун билдирди. Мунун алдында басылманын башкы редактору жана беш кызматкери улуттук коопсуздук мыйзамын бузган деп кармалып, гезитке ээлик кылган компаниялардын 2,3 миллион доллар каражаты камакка алынган.
Полиция чет өлкөлөрдү Гонконгго жана Кытайга каршы санкция салууга көндүрүү аракетинин далили деп Apple Daily гезитине жарыяланган ондогон макаланы келтирген.
Басылманын кожоюну жана негиздөөчүсү, миллиардер Жимми Лай шаарда 2019-жылы тутанган демократиячыл акцияларга катышкандыгы үчүн кесилген. Ага улуттук коопсуздук тууралуу мыйзамдын алкагында дагы бир нече айып тагылышы мүмкүн.
Эл аралык коомчулуктун сынына кабылган сөз болгон жобо бир жылдай мурун күчүнө кирген. Бээжин жана Гонконг бийликтери мыйзам стабилдүүлүктү көздөөрүн айтышса, оппоненттери анын жардамы менен башкача пикирдеги жарандардын добушун басуу аракети көрүлгөнүн белгилешет.
Мыйзам ишке киргенден бери 100 чакты активист кармалды.
Гонконг Кытайдын бир бөлүгү болгону менен “бир өлкө, эки система” принцибине таянып башкарылат. Башкача айтканда, Британиянын мурдагы колониясы өз алдынча сот системасына ээ, аймакта сөз эркиндиги, маалымат каражаттарынын ачыктыгы камсыздалган.
Бирок жергиликтүү активисттер, укук коргоочулар жана Батыш өлкөлөрү Бээжинди акыркы жылдарда ошол эркиндиктерди, автономияны четинен жок кылууда деп айыптап келатышат.
Дагы караңыз
Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөтКыргыз-орус өнүктүрүү фонду кайрадан насыя берип баштайтДүйшөнбек Чоткараев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыктыНарын: Уланбек Эгизбаев атындагы стипендияны жалаң кыздар алды Шаардык сот Зулпукаров менен Жээнбековду камакта калтырдыАли Токтакунов: Жапаров менен Ташиев да сурак бериши керек