Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Бишкек шаардык сотунда 15-июнда ушундай чечим кабыл алынганын аталган мекемеден "Азаттык" радиосуна кабарлашты.
Чоткараев Кылмыш кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 223-беренеси ("Экономикалык аткезчилик") менен шек саналып, 2020-жылдын ноябрында кармалган.
Алтын аткезчилигине шек саналган Чоткараев УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө аяктаганга чейин камакта болору айтылган. (SE)
Дагы караңыз
Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигинен алындыЖапаров УКМКга караштуу кызматты жоётКоронавирус: бейтаптардын көбү оор абалда жататУКМКга караштуу антикоррупциялык кызмат жоюлат