Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Жапониянын Токио шаарында өтө турган Жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясы 22-июнда кабарлады.
Буга чейин кыргызстандык 15 спортчуга Олимп оюндарына жолдомо берилген.
Токиодогу жайкы Олимп оюндары быйыл 23-июлдан 8-августка чейин болот. Төрт жылда бир уюштурулчу эл аралык спорт мелдеши 2020-жылы коронавирустан улам өтпөй калган. (SE)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров ишкерлердин убарасын көбөйткөн чиновниктерди сындадыДүйшөнбек Чоткараев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыктыЖапаров УКМКга караштуу кызматты жоётСайдулла Нышанов "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигинен алынды