Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев "Кумтөр иши" боюнча акыркы камоолор тууралуу пикирин билдирип жатып, Кыргызстан коррупция менен күрөштө репрессиялык баскычта экенин билдирди.
Ал мындай оюн "Азаттык" радиосунун "Коррупцияга каршы күрөш: жапырт кармоолордун майнабы кандай?", - аттуу талкуусуна катышып жатып айтты.
“Кумтөрдү кайтарыш керек беле, керек болчу. Коррупция менен күрөшүш керек беле, күрөшүш керек болчу. Коррупция менен күрөшүү практикасында дүйнө өлкөлөрү эки баскычты басып өткөн. Биринчи репрессиялык баскыч - камоо, отургузуу, “кустуруу”. Экинчи баскыч анан алдын алуу, институттарды өзгөртүү сыяктуу системалык жол. Кыргызстан биринчи баскычка жаңы кирип жатабыз. Буга таң калбашыбыз керек. Грузияда, Сингапурда, Кытайда дагы ушундай болгон. Коррупцияга өтө батып кеткен өлкөлөр репрессиялык баскычтан секирип өтө албайт”, - деди Акматалиев.
Атайын кызмат "Кумтөр иши" боюнча бир топ азыркы жана мурдагы аткаминерлерге "Коррупция" беренеси менен айып коюп жатат. Кылмыш иши козголгон айрым саясатчылар саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирүүдө. (МТа)
Дагы караңыз
Шаардык сот Бабановду абакта калтырды"Талибан" согушкерлери Тажикстан менен чек ара өткөөлүн басып алдыДоллар азгырыгы же Бирназаровдун жаңы “Табылгасы” 81 депутат Асылбек Жээнбековду үй камагына чыгарууну суранды