Аба ырайы: аймактарда өткүн өтөт

Кыргызгидромет агенттиги кабарлагандай, 23-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;

Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Түнкүсүн 12…14°, күндүз абанын табы 28…30° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22 градуска чейин жогорулайт.

Дагы караңыз

Кыргызстанга Казакстандын QazVac вакцинасы келетБУУ Ооганстанда балдардын жабыркап жатканына тынчсызданатӨзгөчө кырдаалдар министрлиги донорлор аркылуу эки тик учак алатӨкмөт өсүмдүк майын, кумшекер сатып алууга 318 миллион сом бөлдү Жалал-Абадда айрым мамлекеттик мекемелер карантинге алындыТүндүк Корея АКШ менен диалогду жандандыруу мүмкүнчүлүгүн четке кактыТалас: чекисттер аралашкан чырдан улам кызматтык иликтөө башталды