Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасынын 50 миң дозасы Кыргызстанга жума күнү келет. Бул тууралуу "Азаттыкка" саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Маалыматка ылайык, казак вакцинасынын биринчи партиясы гуманитардык жардам катары берилет.
“Казак тарап вакцинасын чек арага чейин жеткирип берет. Андан бери өзүбүз алып келебиз. Алар биринчи партияны бекер берип жатат. Кийинкилерин сатып алышыбыз керек”, - деди Бейшеналиев.
Өткөн аптада Казакстандагы эркин окумуштуулар менен дарыгерлер тобу QazVac вакцинасына каршы чыгышкан. Алар вакцинаны иштеп чыккандар клиникалык сыноонун жыйынтыгын көргөзбөй туруп, шек санаткан компоненттерди пайдаланышкан деп айтышкан.
Вакцинаны иштеп чыккан Улуттук илимий изилдөө институтунун кызматкерлери күмөн саноолор негизсиз экенин билдиришкен.
Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Кытай жана Орусиядан жалпы 95 миң кишиге жеткидей доза келген. Вакциналардын биринчи партиясы майдын аягында түгөнгөн.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 116 546 киши вирус жугузуп алды. Анын 105 932си сакайды. Коронавирустун курмандыктары Кыргызстанда 1945 кишиге жетти. (MiK)
Дагы караңыз
БУУ Ооганстанда балдардын жабыркап жатканына тынчсызданатӨзгөчө кырдаалдар министрлиги донорлор аркылуу эки тик учак алатӨкмөт өсүмдүк майын, кумшекер сатып алууга 318 миллион сом бөлдү Жалал-Абадда айрым мамлекеттик мекемелер карантинге алындыТүндүк Корея АКШ менен диалогду жандандыруу мүмкүнчүлүгүн четке кактыТалас: чекисттер аралашкан чырдан улам кызматтык иликтөө башталды Каныкей Кубанычбекова Токио Олимп оюндарына жолдомо алды