БУУ Ооганстанда балдардын жабыркап жатканына тынчсызданат

Ооганстан

Улуттар Уюму Ооганстандагы зомбулуктан өлгөн же жарадар болгон балдардын өскөнүнө тынчсыздануусун билдирди. 22-июнда жарык көргөн баяндамада былтыр ал өлкөдө 760 бала каза тапканы, 1 619у жараат алганы айтылат. Анын арасынан 1 098 жеткинчек талибдердин же башка согушкерлердин колунан окко учкан же жараланган. 962 бала армиянын же өкмөтчүл күчтөрдүн аракеттеринен ажал тапкан же жабыркаган.

“Жашы жетелек балдар согуштук аракеттерде, чабуул коюу, чалгын маалымат чогултуу үчүн пайдаланылып, сексуалдык ыдык да көрүп келатат”, - деп айтылат докладда.

Былтыркы декабрдын этегине карай 164 эркек бала жана бир кыз улуттук коопсуздукка коркунуч жаратканы үчүн реабилитация борборлоруна жөнөтүлгөн.

Баш катчы Антонио Гутерриш ооган өкмөтүнүн балдарды согушка жалдоого бөгөт коюу аракеттерин кубаттады. Муну менен катар балдарга каршы зомбулукка барган адамдарды жоопко тартуу, жапа чеккендерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүүгө көңүл бурууга чакырды.

Баяндамадагы маалыматка ылайык, былтыр дүйнөдөгү 21 куралдуу жаңжалда 19 миңден ашуун бала түрдүү зомбулуктан жабыркады. Андай учурлардын көбү Ооганстан, Конго Демократиялык жумурияты, Сомали, Сирия жана Йеменге туура келет.

Дагы караңыз

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги донорлор аркылуу эки тик учак алатӨкмөт өсүмдүк майын, кумшекер сатып алууга 318 миллион сом бөлдү Жалал-Абадда айрым мамлекеттик мекемелер карантинге алындыТүндүк Корея АКШ менен диалогду жандандыруу мүмкүнчүлүгүн четке кактыТалас: чекисттер аралашкан чырдан улам кызматтык иликтөө башталды Чүй дарыясынын жээгин суу жеп, Кыргызстан 800 гектар жеринен ажырады