Жалал-Абадда айрым мамлекеттик мекемелер карантинге алынды

Архивдик сүрөт.

Коронавирус коркунучунан улам, Жалал-Абад облустук төрөт үйү, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин облустагы филиалы, Сузак районунун аймагындагы бала бакчалар убактылуу жабылды. Буга аталган мекемелердин айрым кызматкерлери вирус жугузуп алганы себеп болгон.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын чечими менен 1-июлдан тартып Жалал-Абад шаарындагы тойканалар убактылуу жабылат. Той-аш, эскерүү жана майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Базарлар бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо жүргүзүлөт.

22-июнда Жалал-Абадда 38 кишиден вирус жаңы аныкталды. 148 киши облустук ооруканада дарыланып жатат.

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 931 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 116 546 киши вирус жугузуп алды. Анын 105 932си сакайды. Коронавирустун курмандыктары 1945 кишиге жетти. (TB)

Дагы караңыз

Түндүк Корея АКШ менен диалогду жандандыруу мүмкүнчүлүгүн четке кактыТалас: чекисттер аралашкан чырдан улам кызматтык иликтөө башталды Каныкей Кубанычбекова Токио Олимп оюндарына жолдомо алды Чүй дарыясынын жээгин суу жеп, Кыргызстан 800 гектар жеринен ажырадыКыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөтОктябрь окуялары: ИИМ Рыскелди Момбековду суракка чакырды Орусиядан Түркияга аба каттамдар жанданды