22-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап, жактырды.
Быйыл, 11-мартта Ташкент шаарында кол коюлган макулдашууда эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү каралган.
Фонд Кыргызстандын аймагында катталган ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү багытында долбоорлорду ишке ашырат.
Фонддун уставдык капиталы алгач 50 миллион доллары болот. Кийин анын көлөмүн 200 миллион долларга жеткирүү пландалууда. Каражатты өзбек бийлиги берет. (MiK)
Дагы караңыз
Октябрь окуялары: ИИМ Рыскелди Момбековду суракка чакырды Талас: чекисттер аралашкан чырдан улам кызматтык иликтөө башталды Орусиядан Түркияга аба каттамдар жандандыАКШ элчиси Москвага үстүбүздөгү аптада кайтатCOVAX аркылуу таратылган вакциналар тартыш болуудаАалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер сынак тапшырып жататКумтөр: Исхак Пирматовдун бөгөт чарасын кароо 25-июнга калды