Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Чүйдүн Сокулук районунда айдоочуга орой мамиле жасаган инспекторго байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүздү. Анын натыйжасында кызматкер өз милдетин талап-эрежеге ылайык аткарбаганы үчүн иштен алынды. Ошондой эле аталган башкармалыктын Сокулук райондук бөлүмүнүн башчысына сөгүш жарыяланды.
Буга чейин интернетке "Сокулукта инспектор айдоочуну сөктү" деген аталыштагы видео жарыяланган жана ал талкуу жараткан.
Май айында Ош шаарында жүргүнчү менен айдоочуну сөккөн, кол көтөрүүгө аракет кылган милиция кызматкери иштен алынган. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы анын жанында жүргөн МАИ кызматкерин дагы жумушунан бошотуу тууралуу жетекчилигине сунуш берген.
Дагы караңыз
Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер сынак тапшырып жататКыргызстанда коронавирус жугузган балдар көбөйүүдөУКМКнын алдына митингге чыккан Бабановдун тарапташтары тарады Каныкей Кубанычбекова Токио Олимп оюндарына жолдомо алды Бир күндө 42 медикке коронавирус жуктуКытай вакцинасы ушул аптада келиши мүмкүн