Соңку бир суткада 42 медициналык кызматкер COVID-19 илдетин жугузуп алды. Бул былтыркы жылдын август айынан берки эң жогорку көрсөткүч.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкө боюнча 5 156 медкызматкерге оору жугуп, анын 4 776сы айыкты. 107 медицина кызматкери вирустан көз жумду.
Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдө коронавирус илдетинен каза болгон медицина кызматкерлерине Бишкек шаарында эстелик тургузууну көздөп жатат.
Кыргыз бийлиги буга чейин коронавирустан өлгөн медкызматкердин үй-бүлөсүнө миллион сомдон, жуктуруп алгандарга 200 миң сомдон кенемте төлөө тууралуу жобо чыгарган. Кийинчерээк ал өзгөртүлүп, өлгөндөргө 2 миллион 800 миң, жуктуруп алгандарга 75 миң сомдон төлөнмөй болгон.
Ушул күнгө чейин көз жумгандардын отуздан көбүнүн туугандарына, ооруга чалдыккандардын 1500дөн ашуунуна кенемте төлөндү. (MiK)
Дагы караңыз
Каныкей Кубанычбекова Токио Олимп оюндарына жолдомо алды Шаардык сот Өмүрбек Бабановду тергөө абагында калтырды Кытай вакцинасы ушул аптада келиши мүмкүнШайлоо: Ошто чүчү кулак кармоо үзгүлтүккө учурадыАкыркы суткада миңге жакын кишиден коронавирус аныкталдыӨзбекстандан келген автобустар он күн жүргүнчүлөрдү бекер ташыйтАйтыш-2021: сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды (видео)