Дуба - чакыруу, кайрылуу, каалоо, жардам суроо ж.б. бир нече маанини туюнткан түшүнүк. Дуба кылуу б.а. жардам сурап Кудайга кайрылуу бардык диндерде кездешкен кызыктуу мотив. Анткени, киши табиятынан материалдык дүйнөнүн сыртындагы кандайдыр бир чексиз күчкө таянгысы, өзүн анын коргоосунда сезгиси келет.
Бул ритуал бардык эле ишенимдерде кездешет. Негизи туура аткарылган дуба кишинин руханий тең салмактуулугун сактоого жардам берет. Так ушул жерден белгилеп кетчү бир жагдай бар. Дубанын кабыл болушу башка, ал эми ал дубага Кудайдын кынтыксыз жооп бериши башка нерсе. Буга кийинчерээк токтолобуз.
Мусулманчылыкта жакшы кулк-мүнөзгө ээ болуп, адамдардын жыргалчылыкта жашап өтүшүнө салым кошуу парз. Адатта мындай коомдук мааниси бар иштерди адамдын жалгыз жасашы кыйын. Балким ошол себептенби, көп замандаштар каалоо-тилегин өз күчү менен ишке ашырууга толук мүмкүн болбогон учурда Кудайга жалынып, дуба кылат.
Демек, адамзатка, жашап турган чөйрөгө жакшылык кылууда Кудайга сыйынып, аруу тилек кылууну алкышка татыктуу көрүнүш катары атоого толук негиз бар. Бул жакшы нерсе.
Бирок "Кантип туура дуба кылуу керек?" же "Кимдин дубасы кабыл болот?" деген суроого берилген жооптор бир кылка эмес. Демек бул жерден, мусулман коомчулугунда кылынган дубалардын баары максатына жетип, кишинин рухий тең салмагын жөнгө салат деп айтууга эрте экенин түшүнүүгө болот.
Кимдин дубасы кабыл болот?
Динде такыба, түз жүрүп, ыйманына камчы чаппаган адамдын дубасы көбүрөөк кабыл болору айтылат. Бул туура жана логикалуу жооп.
Бирок маселен, "Ким Кудайга көбүрөөк жакын?» деген суроодон улам, "Кимдин дубасынын кабыл болуу ыктымалдыгы жогору?" деген суроонун жообу да өзгөрүп кетет.
Мисалы, улуттук нарк-насилди эске алганда, Кудайга эң жакын киши – аксакалдар. Анткени эл аларды көптү көргөн акылман, даанышман деп таанып келген. Дал ошол себептүү аксакалдардан бата алуу өзгөчө мааниге ээ.
Бирок эгемендик жылдарында бул түшүнүк кыйла бурмаланды. Ага жараша диний түшүнүктө да өзгөрүүлөр болду.
Дагы караңыз Кыргызстанда кысымга кабылган ишенимдерУчурда бизде мусулманчылык аксакал феноменинен толук баш тарткан жок. Диний чөйрөдө деле улуу адамдын сөзүн угушат, аксакалдан бата алууга урмат сый менен карашат.
Бирок, улуттук түшүнүктөн айырмаланып, мусулманчылыгыбызда диндар (диний принциптерге катуу турган)кишинин дубасы оңой кабыл болоруна ишеним арткандар арбын. Дал ушул себептүү молдокелерден, ажыкелерден дуба алууга өзгөчө маани бергендер көбөйдү.
Жыйынтыктап айтканда, туура дуба кылуу үчүн төмөндөгү үч шартты эске алуу зарыл. Киши кандай гана сыйынбасын бул шарттар сакталмайынча, туура дуба кылды деп эсептөөгө болбойт.
Биринчиден, дуба сөзсүз түрдө табияттын мыйзамдарына (Курандык термин менен «Аъдатуллага») ылайык келиши керек. Дуба кылууда көп ката мына ушул жерден да кетет. Мисалы, жашы өтүп калганда үйлөнгөн аксакалдын балалуу болууну тилегени, багбандын же дыйкандын маңдай терди жетиштүү төкпөй эле мол түшүм алууну тилегени сыяктуу өрнөктөр буга мисал.
Экинчиден, жалаң гана жакшылык үчүн, үчүнчүдөн, адам катары күчүбүз жеткен аракетти толук көргөн соң калган жагына жардам сурап, дуба кылуу шарт.
Бирок дубанын баары эле кабыл боло бербейт. Ага ар кандай шарттар да себепкер болушу ыктымал. Мындан улам асмандан сыйкыр күткөн пенденин деми сууп, "теологиялык система чаржайыт, абсурд экен. Дин болбогон нерсе" деген жыйынтык чыгарууга да болбойт.
Жогоруда да атап өткөндөй, бир дуба – пенденин тилеп-сурагандарынын кынтыксыз орундалышы менен өлчөнбөйт.
Пенде кээде баам салбай өзүнө зыяндуу же керексиз нерселерди сурап алышы да толук мүмкүн.
Дагы караңыз Кыргызстандын муфтияты Ал-Акса мечитиндеги окуяны айыптадыМисалы бир пенде "Оо, Кудай! Мен бактылуу болуп жашагым келет, андыктан мага баланчанын кызына үйлөнүүнү насип кыл!" деп дуба кылды дейли. Жылдардын өтүшү менен ал үй-бүлө күтүп, бактылуу өмүр сүрдү, бирок башка бирөөнүн түгөйү болду дейли. Бул учурда айтылуу пенденин дубасы кабыл болдубу же болбодубу деген суроо туулат.
Бул жагдайды айтылуу пенденин (тилегендери сөзмө-сөз орундалбаса да) дубасы кабыл болду деп жоромолдоого толук негиз бар. Бирок ошол эле маалда жаш кезде жүрөккө чок салган кызга баш кошкондо ал бактылуу болуп кетерине кепилдик жок да. Үй-бүлө куруу үчүн жалаң эле сезим жетишсиз эмеспи.
Анын ордуна "Оо, Кудай. Мага бактылуу өмүр сүрө турган өмүрлүк жар насип кыл!" деп дуба кылуу туурадыр.
Негизи "Оо, Жараткан! Мага муну, тигини бер, андан-мындан сактап, оолак карма, мобул ишти тигиндей кылып бер» деп догурунуп, талап кылгандан алыс болуу керек.
Кокус кандайдыр бир кадамдарга барып жатсаңыз "Оо, Жараткан! Бүткүл иш-аракетибизде болгондой эле, бул ишим/кадамым бизге пайдалуу болсо, зыяны тийбесе ийгиликтүү болушун насип кыл. Эгер келечекте бизди туура жолдон аздыра турган, зыянын тийгизип койчу боло турган болсо, муну насип кылба!" деп сурануу кажет.
"Дубам эмнеге кабыл болбой жатат?"
Бир эле мусулман чөлкөмдөрүндө эмес, башка түрдүү диндерди жана ишенимдерди карманган чөйрөлөрдө деле туура дуба кылышат деп айтуу кыйын.
Адамзат эволюция жолунда жаныбарларга, отко-сууга, өз колу менен жасаган айкелге же башка путтарга сыйынган жөрөлгөлөр калыптанган. Улам доор жаңырып, аң-сезим жаңы тепкичке чыккан сайын алардын айрымдары унутулду. Бирок айрымдары кайсы бир коомдордо ушул күнгө чейин сакталып келет.
Мусулманчылыкта да дуба кылуунун эрежелери, түрлөрү, кимдердин дубаларынын кабыл болушу тууралуу көптөгөн көз караштар, жоромолдор бар.
Тилекке каршы, алардын басымдуу көпчүлүгү акыл-эске, логикага жана нукура исламдык принциптерге туура келбейт.
Дагы караңыз «Керемет окуянын» сырын чечмелей алабызбы? Албетте!Мындай жагдай, мусулман катмарында "Дубам эмнеге кабыл болбой жатат?" деген купуя суроолорду, балким, шек саноону жаратышы мүмкүн.
Мындай жагдайлар, пенде менен жараткандын ортосундагы мамилеге жик салып, гармонияны бузат.
Жеке тажрыйбамда мечиттерде айтылган же ал жердеги китептерде жазылган эрежелерди кынтыксыз баш ийип, бирок дубасы кабыл болбой өзүн начар сезген кишилерге көп эле жолуктум. Мисалы, мечиттерде деле аракет менен дуба кылуу эриш-аркак кетиши керек экендигин айткан молдолор бар.
Бирок ага катар эле "Үч түрдүү киши бар, алардын дубасы токтоосуз кабыл болот. Алар: баласына бир нерсе тилеп дуба кылган атанын, жолоочунун жана зулумдук көргөн кишинин дубалары" деген маанидеги хадистер, "Сахабалар байпагынын жыртыгын бүтөгөнгө чейин дуба кылып, Алладан жардам сурап алчу экен" деген да икаялар айтыла берет.
Натыйжада жөнөкөй, катардагы кишинин мусулманчылык түшүнүгүндө өзүнө керектүү нерселерди Кудайды ортого салып эле, өндүрүп алса боло тургандай түшүнүк калыптанып жатат.
Бир мааниде дуба кылуу – Кудайга буюртма берип, иш кылдырууга айланып бараткандай. Бул түшүнүк Исламдын рухуна шайкеш келбеген менен адамдык табиятты эске алганда өтө ширин көрүнгөнү талашсыз. Мындай дуба түшүнүгүнүн өтө кеңири тарап кетишинин түбүндөгү эң маанилүү себептердин бири да дал ушул деп ойлойм.
Мындай дуба түшүнүгү пайдасыз эле болбостон, туура диний аң-сезимдин калыптанышына да терс таасирин тийгизип келет. Реалдуулукта айтылган эрежелерге ылайык окулган дубалардын баары эле кабыл болбой турганы маалым. Демек, дубасы кабыл болбой жаткан киши өзүн пас сезиши толук ыктымал. Жашоого таарынып, моралдык жүрүм-туруму начарлап адамзатка да, Кудайга да жакпаган ишке барышы мүмкүн.
Дагы караңыз "Динчил жана улутчул болуп жаатташпайлы"Эмне үчүн мындай болуп жатат?
Исламды илим-билим, акыл-эс жана аналитикалык ой менен айкалыштыруу керек.
Дуба кылуу ар бир адамдын жүрөк түпкүрүндө болгону оң. Бирок ага Кудайды жумшоо формуласы катары кароо жаңылыштык.
Тер төгүп, мээнет кылбай эле алаканды жая калып, маселени оңой чечүүнү самоо – жалкоо аң-сезимдин кыла турган иши.
Соңку доордун мусулмандарынын арасында оңой жолдон сооп топтоонун, оңой жолдон күнөөлөрдөн арылуунун, эмгек кылбай эле бейишке кире калуунун жолун издеп калгандыгыбыз калп эмес да. Тактап айтканда жалкоо болуп баратабыз.
Андыктан, мусулман катары жакшы иштерди орундатууда дубага караганда эмгекке, аракетке көбүрөөк басым жасоо абзел.
Адал эмгек кылып, анын акыбети кайтканда гана Жараткандан жардам тилөө дубанын түпкүр маңызына төп келерин унутпасак.
Элмурат Кочкор уулу, Түркия