Жапаров Ирандын шайланган президенти Раисини куттуктады

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Ирандын президенти болуп шайланган Ибрагим Раисини куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызстан менен Ирандын мамилелери ар дайым өз ара колдоого жана ишенимге негизделип келген. Биздин конструктивдүү кызматташтыгыбыз эки өлкөнүе ортосундагы достук мамилелердин эки жана көп тараптуу негизде өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт деп терең ишенем”, -деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Иранда 18-июндагы президенттик шайлоодо төрт талапкер ат салышып, Ибрагим Раиси жеңди.

60 жаштагы Раиси ашынган диниятчы катары белгилүү. Ал 1988-жылы миңдеген саясий туткундарды өлүм жазасына кескен сот жараяндарын тескегендердин бири болгон.

Укук коргоочулар Раиси адамзатка каршы кылмыштарга жоопкер деп эсептешет. (МТа)

Дагы караңыз

Шайлоо: шарты маалым, мөөнөтү белгисизКечки Азаттык (2-чыгарылыш)Орусиянын элчиси үч айдан соң АКШга кайтып бардыКечки Азаттык (1-чыгарылыш)