Бишкекте түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу жайлар, кафелер, караоке менен барлардын кечки саат 23:00дөн эртең мененки саат 7:00 чейин иштешине тыюу салган чектөө жоюлду.
Мындай чечим 21-июнда Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушууда кабыл алынды.
Көңүл ачуучу жана тамактануучу жайлар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сакташы керек жана имараттын жарымына гана баткыдай кардарларды кабыл алышы зарыл.
Борбордо коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткендиктен 17-июнда айрым чектөөлөр киргизилген. Тейлөө кызматынын өкүлдөрү буга каршы болуп шаар бийлигине кайрылышкан.
Кыргызстанда 21-июнга карата расмий маалымат боюнча, өткөн жылдын март айынан бери оорудан 1 937 киши каза болуп, вирус 115 615 адамдан аныкталды. 105 410 киши илдеттен сакайды. (BTo)
Дагы караңыз
ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору парламентке жиберилдиОрусиялык миллиардер Александр Лебедев Кумтөргө келип кеттиОшто УКМК кызматкери мушташтан каза болдуӨлкөдө 1700дөн ашык киши гемодиализ алатУКМК Бабановдун абакта машыгып жатканын төгүндөдү