ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору парламентке жиберилди

Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу жаңы мыйзам долбоорунда парламент 90 депутаттан куралары жазылган. Алар аралаш (жарыш) тутум менен шайланары сунушталган.

Мыйзам долбоорун президенттин жарлыгы менен түзүлгөн атайын жумушчу топ иштеп чыккан.

35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарынан мажоритардык система менен шайланат. Ар бир шайлоо округуна 100 миң шайлоочу кирет.

Ал эми калган 55 депутат партиялык тизме менен пропорционалдык негизде шайланып келет. Партияларга 3% босого чек каралган. Аялдар үчүн 30% квота бар.

25 жашка толгон, шайлоого укугу бар жаран Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Мурдагы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 120 депутаттан куралып келген. Алар партиялык тизме аркылуу шайланган. (MiK)

Дагы караңыз

“Кумтөрдү” сырттан башкаруу “Центерра” менен мунаса табылганда токтойтТажикстан Кытайдан жардам катары 300 миң доза вакцина алды  Орусиянын элчиси үч айдан соң АКШга кайтып бардыТенгиз Бөлтүрүк: "Кумтөрдүн" кирешесинен башка кендерди ачабыз Бөлтүрүк: Кумтөрдө иш орундар көбөйөтКыргызстан Ооганстан менен баңгизатка каршы "Биргелешкен план" кабыл алат22-июндун аба ырайы тууралуу маалымат